www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тогуз-торо районунда " 2017 -жыл Маданият, ыйман жана адеп" жылына карата Тогуз-Торо жаштар бирикмеси тарабынан "Жаштар жаңырыгы"-аттуу мотивациялык семинар өткөрүлдү. Райондун тарыхында эн алгачкы жолу уюштурулуп жаткандыктан райондук маданият үйүндө өтүп алгач сөздү райондун акими,коомдук ишмерлер ж.а. айылдык депутаттар ачып беришти, семинарга ар бир айылдын 9-10-11 класстарынын окуучулары жана 30 жашка чейинки айыл тургундары чакырылды.Бул тууралуу маалыматты жеринен жаштар комитети билдирди.
Семинарга билими күчтүү спикерлер чакырылган, алар: Политолог Сейтек Качкынбаев- көптөгөн мамлекеттерди кыдырып, көп тил билген, "Япониядагы кыргыз студенттер коомунун жетекчиси", Япониянын "КЕН ДО" федерациясынын мүчөсү ж.б көптөгөн ийгиликтерди багындырган инсан, окуучуларга "Максат менен Тилектин айырмасы" тууралуу жана максатка кантип жетүү керек, Максат деген эмне? Ийгилик деген эмне? Ж.б. кызыктуу сырлары менен бөлүшүп өттү, экинчи спикер белгилүү коомдук ишмер, көп кырдуу инсан конфликтолог, спортсмен, журналист, дипломат, юрист, акын, жазуучу, оратор ж.о.э "Ант", "Бир гана сенсин", "Нурлуу толкундар", "Япония кереметинин сыры" китептеринин автору, КР президентине караштуу "Ыйман фондунун төрагасы - Нуржигит Кадырбеков болду.
Ал ыйман жана адеп тууралуу анын ичинде мамиле, убакыт, маданият ж.б көптөгөн актуалдуу темаларда сүйлөп өзүнүн роликтери менен көрүүчүлөрдүн жүрөгүн бир аз да болсо жибитти десек болот, үчүнчү спикер Тогуз-торо районунан чыккан билими менен көптөгөн ийгиликтерди багындырып келе жаткан чыгаан кыздарыбыздын бири Кенжекан Султанбаева-бир канча долбоорлордун автору, бир нече мектептердин, КМУ университетинин мыкты мугалими, жылдын мыкты мугалими, англис тилчи Кенжекан Султанбаева- билимге умтулуу, максатты туура коюуу жана аны ишке ашыруу ж.б ийгилик сырлары менен бөлүшүп өттү, төртүнчү спикер жарандык активист, КУУнун дебат клубунун координатору, "Билим-Тирек"- жаштар бирикмесинин төрагасы, "Жылдын мыкты студенти-2016", мыкты блоггер "Тогуз-торо жаштар бирикмесинин төрагасы Нурсултан Бейшенбек уулу- Канткенде адам күн сайын адам болот? Жаштар өлкөнүн келечеги, Билим алуу, текеберчилик ж.б көйгөйлөр тууралуу сөз козгоду. Жалпысынан семинар суроо-жооп ирээтинде өтүп, мыкты суроолорго спикерлердин мыкты китептери белекке берилди. Окуучулар тынымсыз суроо берип, өздөрүнө керектүү көптөгөн суроолорду ала алды десек болот. Ортосунда келген конокторго, окуучуларга кофе-брейк уюштурулду.Ар бир спикерге акимчилик тарабынан ыраазычылык каттар тапшырылды. Жалпысынан мыкты денгээлде өттү, "Тогуз-торо жаштар бирикмеси"- келечегинин кен экендигин дагы бир жолу далилдеп өттү десек болот.
Булак: NazarNews.kg