www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жыргалбек Турускулов: «Керималиев, эмне уктап атасың?», - деп ЖКнын депутаты Жыргалбек Турускулов парламенттин сессиясында уктап отурган Айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиевди ойготту.

”Карагылачы, дагы уктап жатат. Бу жерде маанилүү маселе каралып, кызуу талкуу жүрүп жаткан учурунда эмнеге уктайсың? Же сессияга укташ үчүн келесиңби?”» деп аны катуу урушту. «Уктаганын көп жолу көрдүм, дайыма байкайм. Жадагалса телефонго да тартып алгам, уялып калабы деп, жок кайра эле уктап жатат» деп токтоно албай ачууланды.

Депутаттын айткан сөзүндө калет жок. Анткени, Жаныбек Керималиев экинчи жолу уктап атат. Биринчи уктап калганында “Баю,баю, баю” деген ыр менен уктап жатканы телевизордон көрсөтүлүп, соцтармактагы түйүндөргө коюлуп, кызуу талкууга түшкөн.

Анда уктаганы боюнча грипп болуп калып, антигриппин дарысын ичип алганын, анда уйкунун дарысы бар экенин айтып актанган эле. Бу жолу эмне дээр экен?.. 

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости