www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тогуз жаштагы бала таенесинин өмүрүн сактап калды

Интернеттин адамга зыяны көптүгү жөнүндө сөз кылып калабыз. Бирок азыр сөз интернеттин пайдасы тууралуу болмокчу.

Уэльс штатында 2-январда Киан Алиффе (Kian Aliffe) 51 жаштагы таенеси Анжела Жонс менен үйдө жалгыз калган. Таенеси ваннада болгондуктан, шектүү добуш угулуп, бала кабар алууну чечкен.

Көрсө, эпилепсия оорусу менен жабыркаган таенесинин оорусу кармап калган экен.

Алиффе YouTube каналынан бассейндеги чөгүп аткан кыздарды кантип куткарып калышкандыгы жөнүндөгү видеону көргөн.  

Бала таенесин алгач башын суудан чыгарып,  ваннаны суудан бошоткон.

Бала кошуналардын эшигин такылдатып, эч ким чыкпагандыктан, тез жардам кызматына жана апасына телефон чалган.

Алиффени апасы:”Ар бир чоң киши деле мындай кырдаалда эмне кылуу керектигин түшүнө бербейт. Алиффе дүрбөлөңгө түшпөй, кантип бул кырдаалдан чыгуунун жолун тапканы эң сонун”,-деп билдирген.

Таене ооруканага жиберилгени менен анын абалы тууралуу маалымат жок.

Эске сала кетсек, өткөн жылдын декабрь айында Англияда жети жаштагы кыз YouTube каналындагы үйрөтүүчү видеону көрүп, апасына жүрөк-өпкө реанимациясын жасап, блоктолгон телефону менен тез жардам кызматын чакырып, апасынын өмүрүн сактап калган.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости