www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кемин: Орловка шаарынын жолу ишке берилди

Кемин районундагы Орловка шаарында эки көчөгө  асфальт төшөлүп, жол ишке берилди. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигинин жеке булактары кабарлады.

Маалыматка караганда, акыркы 30 жыл аралыгында биринчи жолу 2019-жылы жол салынды.

Шаардын мэри Чанчороев   Бактыбек Асаналиевич  19 млн каражат сарпталып, жергиликтүү бийлик тарабынан каржыланганын маалымдады.

Анын айтымында,  15 млн 3 км жаңы салынган асфальт  жолго, 4 млн сомго эски жолдор оңдолуп, 1 млн 350 миң сомго 4 көчө жаңыланган.

2019-жылдын ичинде   120 орундук жаңы  бала бакча курулуп, мектептер капиталдык оңдоодон өткөн.

Мындан тышкары, Орловкада туризм жакшы өнүккөн, лыжалык базасына көбүнчө Бишкек шаарынан,  жергиликтүү тургундар жана коңшу элдер  дагы байма-бай эс алууга барышат.

Орто эсеп менен алганда,    эс алуучулардын саны 3 миңге чукулдайт. 

 

Булак:NazarNews.kg

 

 

Последние новости