www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 24-июнга белгиленген Москвага сапарынын алдында орусиялык басылмага интервью берип, Казакстанда «Крым жана Донбасс» сценарийлеринин кайталануу ыктымалдыгын четке какты. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.

«Псевдоэксперттердин мындай божомолдорунда олуттуу негиздер жок. Алар Казакстандагы абалды туруксуздаштырууга, биздин өлкөлөр ортосундагы ынак коңшулук, союздаштык мамилелерди бузууга багытталган. Мындай божомолдорду абалды түшүнбөгөн, карасанатай кишилер айтышат», — деди Токаев «Комсомольская правда» гезитинин интервьюсунда.

Ошондой эле, президент Нур-Султандын Орусия менен Беларустун союздук мамлекетине (азырынча союз кагаз жүзүндө гана бар) кошулуу планы жок экенин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости