www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында жол курууга Кытайдан куруучулар алып келинет

Кыргызстандыктар жумуштан көзү катып жатканына карабай Атамбаев мамлекет башында турганда көптөгөн курулуп жаткан курулуштарга кытайлыктарды иштетип жатканы катуу сынга алына турган. Экономика жаатын эзип турган вице-премьер-министр Эркин Асрандиев да кытайлыктар дегенде ичкен ашын таштап чуркаган адамдардын бири экен. Чет элдик адистердин тез арада Кыргызстанга киришин камсыз кылуу көптөгөн инвестициялык долбоорлорду жандандырууга мүмкүндүк берерин божурап Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев билдирди. 

«Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу дүйнө жүзү боюнча чет өлкөлүк жарандардын кыймылына чектөө киргизилген. Көпчүлүк адистер ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген өлкөлөргө келе албай калышты. Мындай абал Кыргызстанда дагы болду. Азыр көпчүлүк долбоорлор токтоп турат, алардын ишин жандандыруу биз үчүн өтө маанилүү. Чет өлкөлүк адистердин биздин өлкөгө кайтып келип, ишин улантаары биздин кызыкчылыгыбызда», – деди вице-премьер-министр Эркин Асрандиев.

Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун куруу боюнча Кытай Эл Республикасы менен түзүлгөн эки тараптуу макулдашууну жүзөгө ашыруунун алкагында июнь айында чартердик рейс менен Бишкек шаарына чет элдиктердин келиши күтүлүүдө.

Белгилей кетүүчү жагдай, жогоруда аталган рейстерге чет элдик адистерди кабыл алуу коронавирус инфекциясынын бар-жогу текшерилип, анын жыйынтыгы боюнча гана жүргүзүлөт. Тагыраак айтканда, бул рейстердин бардык жүргүнчүлөрү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык обсервацияга жаткырылып, текшерилет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости