www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 24-майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Евразиялык экономикалык форумдун жыйынында Орусия менен Беларустун ортосунда интеграциянын деңгээли ушунчалык жогору экенин, атүгүл "өзөктүк курал экөөнө бир" экенин айтты.

Токаевдин айтымында, эл аралык саясий тарыхта биринчи жолу эки мамлекет бирдиктүү саясий, укуктук, коргонуу, экономикалык, валюталык, маданий-гуманитардык мейкиндикке ээ болгон бир өлкө катары иш алып барган кырдаал түзүлдү.

Казак лидери ошондой эле Россия Федерациясы менен Беларустун «жалпы» союздук өкмөтү жана парламенти бар экенин белгиледи.

"Биз бул көйгөйдү талкуулашыбыз керек", - деп жыйынтыктады ал.

Буга чейин Токаев Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөлөрү (Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия) үчүн Кытай менен натыйжалуу кызматташууну куруу маанилүү экенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости