www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чаткал районунун каза болгон прокурору Бакирдин Жанузаковдун үй-бүлөсүнө 21,7 миллион сом которулат. Бул туурасында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева парламентте билдирди.

Мыйзамда каралган норма коомчулукта кызыл чеке талаш жаратып, түрдүү пикирлер айтылган. Компенсация берүү маселеси ЖКнын Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинде каралып, депутаттардын да нааразычылыгын жараткан.

Бүгүн эл өкүлү Жеңишбек Токторбаев 21,7 миллион сомду прокурордун үй-бүлөсү алдыбы же жокпу деп сурады.

"Сиздер Жогорку Кеңештен макулдук бердиңиздер, азырынча каражат расмий которула элек. Бирок маселе чечилет", — деп жооп берди Коңкубаева.

Буга чейин Башкы прокуратура мындай норма укук коргоо органдарынын бардык кызматкерлерине колдонуларын билдирген. Ага ылайык, кызмат өтөө мезгилинде каза тапкандардын үй-бүлөсүнө 20 жылдык эмгек акы өлчөмүндө компенсация төлөнөт.

Белгилей кетсек, былтыр июль айында Чаткал районунун прокурору Бакирдин Жанузаков Бишкектен баратканда автоунаасы аласалып кеткен. Машинанын ичинде сегиз киши болгон, башкалары жаракат алып, прокурор көз жумган.

Юстиция подполковниги 54 жашта эле, аталган кызматта 2020-жылдын май айынан тарта эмгектенип келе жаткан. Жанузаков прокуратура органдарында 2004-жылдан тартып иштей баштаган. Талас аймагында облустук прокуратуранын башкы адисинен Коррупцияга каршы иштөө жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчылыгына чейинки кызматтарда болгон. 2019-жылы Баткен облусунун прокурорунун орун басары болсо, 2022-жылы Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун прокурорлугун аркалаган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости