www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каспий куур консорциуму ишин токтоткону тууралуу маалымат чыккандан кийин Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев мунай ташууну диверсификациялоону маанилүү милдет деп атады.

Буга байланыштуу ал Транскаспий каттамын ишке ашыруунун эң оңтойлуу варианттарын иштеп чыгып, эки куурдун кубаттуулуугун көбөйтүүнү тапшырды.

– Транскаспий артыкчылыктуу багыт болуп эсептелет. “КазМунайГазга” аны ишке ашыруунун оңтойлуу вариантын иштеп чыгууну, анын ичинде Теңгиз долбоорунан инвесторлорду тартуу мүмкүндүгүн кароону тапшырам. Өкмөт “Самрук-Казына” менен биргелешип, Атырау – Кеңкияк жана Кеңкияк – Кумкөл мунай куурларынын кубатын арттыруу боюнча чараларды кабыл алууга тийиш, - деди Токаев.

Токаев муну менен бирге Казакстан портторун Каспийдин алдыңкы хабына айландырууну тапшырды.

5-июлда Орусиянын Новороссийск шаарынын райондук соту казак мунайынын ири бөлүгү экспорттолгон Каспий куур консорциумунун (КТК) ишин 30 күнгө токтотуу чечимин чыгарган. Негиз катары кара май төгүлгөн жерлерди тазалоо планынын бузулушу көрсөтүлгөн.

Орусия Украинага согуш ачып, Москвага санкциялар салынгандан бери казак мунайын бул куур менен экспорттоого ар кандай шылтоо менен буга чейин да чектөө киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости