www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдаагы күнү, 5-июлда, шаардык сот «Акнет» компаниясынын президенти Кубан Ажимудиновду кайрадан камакка алуу тууралуу чечим чыгарды. Райондук сот аны 9-июнда үй камагына бошоткон жана дароо анын жүрөгүнө операция жасалган. Сотко ал тууралуу справка берилди, прокурор болсо – медициналык корутунду талап кылды, бирок Ажимудинов ооруканада жатат, ошондуктан корутунду чыга элек.

2019-жылы Ажимудинов салык боюнча камакка алынган, бирок каралып жаткан иш – такыр башка. 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин Ажимудинов 6-октябрда үй камагына чыгарылган, үйүнүн ачкычы жок болгондуктан ал ачкыч алайын деп «Акнетке» барган, бирок компанияны мурда рейдерлик жол менен басып алгандар аны – рейдерлик кылууга аракеттенген деп күнөөлөгөн.

Өкмөт 2018-жылы бекиткен оорулар менен ооругандарды камакта кармабаш керек, Ажимудовдун оорулары ошол тизмеге кирет, бирок сот баары бир аны камакка алуу чечимин кабыл алды. Ал соттордун аттары – Жамиля Сабитова, Сүйүнбек Бекташев жана Улан Садырбеков. Кыргызстандын түбүнө адилетсиз соттор жете тургандай.

 

Последние новости