www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстан Республикасынын президенти Касим-Жомарт Токаев Орусияга бир катар каршы пикирлерден кийин эсине келгендей. Ал Сочиге кечээ, 19-августта барып, президент Владимир Путинге октябрь айында Казакстанда өтө турган КМШ саммитине жеке өзү катышууга үмүттөнөрүн жана казак-орус мамилелерин өнүктүрүүгө чечкиндүү экенин билдирди.
«Быйыл КМШга Казакстан төрагалык кылууда. Шериктештиктин саммити октябрь айында өтөт. Биз сиздин жеке катышууңузга терең ишенебиз, өзгөчө Орусия биздин кызматташуунун приоритеттүү багыттарынын бири болгон КМШда маанилүү ролду ойнойт», - деди Токаев.
Анын айтымында, геосаясий кырдаалдын өзгөчөлүгү өкмөттөргө кошумча тапшырмаларды берүү үчүн «сааттарды синхронизациялоо» зарылдыгын көрсөтүп турат.
«Албетте, биздин кызматташтыктын келечеги тууралуу пессимисттик божомолдорду айтууга эч кандай негиз жок. Казакстандын президенти катары мен жеке өзүм бардык багыттар боюнча кызматташуубузга кошумча дем берүүнү чечтим», - деди ал.
Мамлекет башчы ошондой эле өлкөлөкүнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык ийгиликтүү өнүгүп жатканын баса белгиледи.
«Өнөр жай кооперациясы азыр бизди кубандырган олуттуу натыйжаларга жетишүүдө», - деп кошумчалады Казакстандын президенти.
Мындан тышкары, ал Казакстан менен Орусияны дүйнөдөгү эң узун кургактыктан чек ара бириктирип турганын эске салды.
Баса, чек ара толугу менен делимитацияланды, - дейт Токаев.
Булак: NazarNews.kg