www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аскер институтунун алдындагы бөлүктө кызмат өтөп жүрүп октон каза болгон Сыргак Сабырбеков аттуу жоокердин өлүмү боюнча аталган аскер бөлүгүндөгү кароол жетекчиси Бишкек гарнизонуна камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.
"Аталган факты боюнча Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Аскер институтунун мөөнөттүү аскер кызматчысы катардагы жоокер С.С.нын өзүн-өзү өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
Анда Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин 2-бөлүгүндө (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) жана 394-беренесинин 2-бөлүгүндө (Күзөт кызматын өтөө эрежелерин бузуу) каралган кылмыштарды жасоого шектелип, Аскер институтунун кароолунун башчысы прапорщик А.К. Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына жайгаштырылды. Учурда тергөө иштери уланууда" ,- деп билдирди мекеменин басма сөз кызматкери.
Эске салсак, 18-августта саат 22:10 чамасында Аскер институтунун окуу процессин камсыздоо батальонунда кызмат өтөгөн 2003-жылы туулган катардагы жоокер С.С. кароолдо турганда өзүн-өзү атып алгандыгын Коргоо министрлигинен билдирген. Ал алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза тапкан.
Айрым маалымат каражаттары жоокердин жакындарына таянып ок чекесине тийгендигин жазып чыкты.
Булак: NazarNews.kg