www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин акыркы Москвага болгон сапары, Астананын көп векторлуу тышкы саясат жүргүзүүгө умутулуп жатканын көрсөттү. Бул АКШ–Борбор Азия саммитинен кийинки зарылдык болду. Астана азыр үч ири борбор – Вашингтон, Москва жана Бээжин менен бирдей алака түзүүгө аракетинип жатат.
Вашингтондогу жогорку деңгээлдеги саммит учурунда Токаев АКШ менен миллиарддаган долларлык келишимдерге кол коюп, Борбор Азиядагы жаңы инфраструктуралык жана соода мүмкүнчүлүктөрүн ачууга багыт алды. Бирок бул кадам Москвада саясий тынчсыздануу жаратпай койгон жок. Ушундан улам Токаевдин Кремль менен дароо жолугушуусу, дипломатиялык тең салмакты калыбына келтирүү аракети катары кабылданды.
Москвадагы сүйлөшүүлөрдө негизги маселе энергетика жана газ тармагындагы кызматташтык болду. Батыштын санкциялары Орусиянын энергетикалык экспортун кыйла чектеген шартта, Казакстан аймактык энергетикалык “көпүрө” ролун ойноодо.
Каспий Куур Консорциуму аркылуу Казакстандын мунайынын 80% экспорттолот. Ал эми бул инфраструктура Орусиянын аймагынан өтөт. Демек, Астананын туруктуу экспорттук агымы Москва менен болгон диалогдун ийгилигине түздөн-түз көз каранды.
Ошол эле учурда, АКШ санкциялары "Лукойл" жана "Роснефть" сыяктуу орус компанияларынын Казакстандагы ишине таасир этүүдө. Бул жагдай Токаевди энергетикалык коопсуздукту сактоо үчүн “жөн гана өнөктөштүк эмес, стратегиялык координация” жүргүзүүгө түрттү.
Токаевдин Москва сапарынындагы бир өңүтү Казакстандын аймактагы ролун жогорулатып, активдүү аймактык оюнчуга айландыруу аракетинин белгиси. Андыктан, Токаевдин Москвага жасаган сапары геосаясий жактан Борбордук Азиядагы таасир чечүүчү өлкө катары таанытууга болгон жүрүш десек болот.