www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, болжол менен түнкү бирлер чамасында 27 жаштагы А.Ж. аттуу жаран Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда Субару Импреза унаасын айдап баратып, жүк ташуучу Норд унаасы менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен Субарунун айдоочусу жана бул унаанын үч жүргүнчүсү каза болсо, дагы бир 20 жаштагы жигит оор абалда ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Каза болгондордун арасында жаш төкмө акын, обончу, маркум төкмө акын Майра Керим кызынын өнөрүн уланткан уулу Акжолтой Канат уулу жана анын келинчеги да бар. Каза болгон 25-30 жаштардагы кыздын ким экендиги такталып жатат.

Бүт материалдар Нарын облусунун Кочкор РИИБинин тергөө кызматына берилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Айрым маалыматтарга караганда, Акжолтой Канат уулу келинчеги менен Кочкор районуна тойго бараткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости