www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмок шаарындагы борбордук аянтта болгон мушташка байланыштуу үч өспүрүм аныкталды.

Маалыматты Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы таратты.

2026-жылдын 22-августунда Токмок ШИИБине шаардагы борбордук аянтта бир нече бала өспүрүмдү сабап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барганда мушташка катышкандар табылган эмес.

Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында окуяга тиешеси бар 2007-жылы туулган А.Д., 2007-жылы туулган К.К. жана 2008-жылы туулган Б.Э. аттуу өспүрүмдөр аныкталган.

Такталган маалымат боюнча, ошол күнү А.Д. аянтта таанышы менен бара жатып, достору К.К. жана Б.Э. менен жолуккан.

Сүйлөшүү учурунда К.К. А.Д.га орой сөздөрдү айтып, пикир келишпестик жаралган. Андан соң экөөнүн ортосунда мушташ чыккан.

Аларды өтүп бара жаткан жарандар ажыратышкан.

Факт Токмок ШИИБде катталып, тиешелүү текшерүү жүргүзүлгөн. Үч өспүрүм тең тосмо арыз менен кайрылып, соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышкан.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, кылмыштын курамы жок деп табылган.

Учурда материал Токмок ШИИБинин Коомдук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилди.

Окуя боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык протокол түзүлүп, мыйзам чегинде чечим кабыл алынат.

Последние новости