www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарындагы ЦУМ соода борборуна жардыруу коркунучу тууралуу маалымат текшерилип, анын чындыкка дал келбегени аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
22-август күнү саат 15:35 чамасында белгисиз эркек киши телефон чалып, 15 мүнөттүн ичинде 500 миң сом которууну талап кылган. Ал талап аткарылбаса, ЦУМду жардырып жибере турганын айткан. Бул факт Маалыматтарды каттоо журналына (ЖУИ) катталып, окуя болгон жерге дароо милиция кызматкерлери жана тиешелүү кызматтар жөнөтүлгөн.
Соода борборунун кызматкерлери жана келген жарандар эвакуацияланып, аймакты тергөө-ыкчам тобу кинологдордун катышуусунда кылдат текшерген. Натыйжада жардыруучу түзүлүштөр, жарылуучу заттар же башка шектүү буюмдар табылган эмес.
Бул факт боюнча материалдар андан ары кароо жана мыйзам чегинде чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Бишкек шаары боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тиешелүү бөлүмүнө өткөрүлүп берилет.