www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Токмок шаарында өспүрүмдөрдүн катышуусунда болгон массалык мушташ факты боюнча Чүй ОИИББи маалымат таратты.
Буга чейин, социалдык тармактарда Токмок шаарында болгон өспүрүмдөрдүн топтолуп мушташкан видеосу тараган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 2025-жылдын 14-октябрында Токмок ШИИБне Токмок шаарынын 1-микрорайону менен Чүй районуна караштуу Мээненткеч айылынын ортосундагы бош жерде өспүрүмдөрдүн мушташы тууралуу билдирүү келип түшкөнү аныкталган.
Бул факты Токмок шаарынын ИИБсинде катталып, териштирүү иштери башталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери мушташ Токмок шаарындагы эки мектептин 9-класстарынын окуучуларынын ортосунда чыкканын аныкташкан.
Милиция кызматкерлери окуянын катышуучуларын аныктап, Токмок ШИИБне жеткиришти. Алар менен түшүндүрүү жана профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Жабыркагандар жок.
Текшерүүнүн жыйынтыгында күнөөлүү адамдардын аракеттерине юридикалык баа берилип, учурдагы мыйзамдарга ылайык процессуалдык чечим кабыл алынат.