www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токон Мамытов омбусмендиктен кетти

Акыйкатчы Токон Мамытов парламенттик шайлоого байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлайт. Аны Жогорку Кеңеш 2018-жылы акыйкатчы кылып шайлаган. Анын талапкерлигин КСДП фракциясы сунуштаган. Эми Мамытовдун арызын Жогорку Кеңеш карап, кабыл алышы керек.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик саясий кызматкер (Жогорку Кеңештин депутатын жана президентти кошпогондо), муниципалдык саясий кызматчы (жергиликтүү кеңештин депутатын кошпогондо) жана мамлекеттик, муниципалдык ишкананын, мекеменин, мамлекеттин (муниципалдык) катышуу үлүшү 30% ашык ишкананын жана алардын бөлүмдөрүнүн жетекчиси болуп саналган адамдар талапкер катары көрсөтүлгөн учурдан тартып кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотот.

Ал эми мамлекеттик кызматтын түрүнө (жарандык, аскердик, укук коргоочулук, дипломаттык) карабастан башка мамлекеттик кызматчылар, муниципалдык кызматчылар жана жалпыга маалымдоо каражатынын кызматкерлери талапкерлиги көрсөтүлгөн учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотуп туруулары зарыл. БШКнын маалыматына караганда, ушул мыйзамдарга ылайык, бир катар айыл өкмөттүн башчылары өз ыйгарым укуктарын токтотту.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланат. БШКга 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз берген. Алардын 23ү талапкерлери аныкталганын расмий билдирди.

Бир мандаттуу округдан шайлоодо ат салышам дегендердин саны 380ден ашып, БШК 50дөн ашуунун расмий талапкер катары каттады. Бүгүн, 18-октябрда, партиялардан жана бир мандаттуу округдан талапкер болууну көздөгөндөрдөн документ кабыл алуунун акыркы күнү.

Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо тыянагына нааразылар Бишкекте митингге чыгып, өлкөдө бийлик алмашкан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости