www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда 6-класстын окуучусу мектепте ок атты

Орусиянын Пермь аймагындагы мектептердин биринде 6-класстын окуучусу ок чыгарды. Бул тууралуу «РИА Новости» маалымат агенттиги жазат. Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 18-октябрда, Бишкек убактысы боюнча саат 9:00дө болгон. 6-класстын окуучусу эки жолу ок атып, октор класстык бөлмөнүн каалгасына жана башка жака тийген.

Учурда ок аткан окуучу кармалып, куралды кайдан алганы, ок чыгаруунун максаты боюнча тергөө жүрүп жатат. Окуя болгон А Карпов атындагы Сарсин орто мектебинде окуу бир күнгө токтотулду. Бир окуучу жеңил жаракат менен ооруканага кайрылганы белгилүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости