www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК Э.Салымбеков эмне үчүн кармалганын түшүндүрдү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети айыл чарба продукциясын республикадан экспорттоого тоскоолдук кылган чиновниктерди жана айрым компанияларды аныктады. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз кызматы билдирет. Айыл чарба өндүрүүчүлөрү ЕАЭБ өлкөлөрүнө продукциянын үзгүлтүксүз өтүүсү үчүн чиновниктерге жана логистикалык компанияларга чоң сумма төлөөгө мажбур.

Иликтөөнүн жыйынтыгында, Кыргызстандын айыл, суу чарба жана региондук өнүгүү министрлигинин айрым кызматкерлери, коррупциялык схема уюштурганы үчүн логистикалык компаниянын өкүлдөрү, ошондой эле "Дордой-дыйкан" базарынын директору Эркин Салымбеков кармалган.

Сот кармалгандарга карата тергөө мезгили бүткөнчө камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады. УКМК бул кылмышка тиешеси барлардын бардыгын аныктоо жана жоопко тартуу боюнча ишин улантаарын белгиледи.

Мамытбай Салымбековдун уулу Эркин Салымбеков кармалып, 12-октябрда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал 14-октябрда соттун чечими менен 2021-жылдын 6-декабрына чейин УКМКнын тергөө абагына алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости