www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Октябрь башаламандыгын уюштургандын ана башы ата-мекенчи Токтогазиев бадыраң өстүрүп жүрүп, ызы-чуудан улам министр боло калып, эт жана башка азык-түлүктүн баасы көкөлөп кеткени ар бир кыргыздын жанын кашайтып турган. Токтогазиевди токтоосуз алганы үчүн Мариповду көпчүлүк колдоп жатат, бирок анын деле мүчүлүштүктөрү көп. Тез эле эл какшыктап «Шао-Лин» атка конгон Токтогазиев канча пайда тапканы элге белгисиз, анткени октябрь башаламандыгынан соң бийликке келгендер канча пайда таап жатканы эл оозунда айтылып, кээ бирөө УКМК тарабынан кармалып жатат. Ал эмес учурунда УКМКнын төрагасы Ташиев тарапта иштеп жүргөн президенттин пресс-катчысы акча алып жаткан кезде колго түштү дешет. Башкалар болгондо көз жуумп коюшмак.
Токтогазиевдин айыл чарба министрлигинен кетиши менен өкмөт башчысы Улукбек Марипов теңдешсиз «Ата-Мекен» партиясын душман кылып алды. Марипов жаш, саясатта карт бөрүгө айланып, азуусу менен жаштарды челип көнүп алган Өмүрбек Чиркешович аны соо койбойт. Президент азырынча ортого басым жасады. Эгер, Артем Новиковду өкмөт башына алып келсе орусиячыл, Равшан Жээнбековду өкмөт башына алып келсе батышчыл, Талант Мамытовду алып келсе улутчул, «Амир-полковникке» окшогон дагы бирөөнү алып келсе радикал динчил аталмак. Мариповдун жаштыгы гана иштөөгө шарт түзүп берип турат. Эми Улукбек Мариповдун мүчүлүштүктөрүн айта кетели, балким өкмөт башына келгенде аны жоюп кетер:
Биринчиден, Улукбек Марипов президент Алмазбек Атамбаевдин «балашкасы» жана Икрам Илмияновдун ордун алган президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары катары азыркы президент Садыр Жапаров түрмөгө камалып жатканда, айткан сөзү өтсө да эч чара колдонгон эмес.
Экинчиден, Улукбек Мариповду мурунку президенттер Атамбаев, Жээнбековдор эмнеге көтөрмөлөп, колдоп келишкен. Анткени, анын атасы Асамидин Марипов убагында парламент депутаты катары жагынганды туура колдонгон. Албетте, Садыр Жапаров да аны менен бирге депутат болгон. Атамбаев «балашканы» 2016-жылы Эсеп палатасы Элмира Ибраимованын ордун алып берген соң соцтармактарда анын атасы мурунку депутат азыркы Ноокат районундагы ооруканалардын жетекчиси Асамидин Марипов кыргыздарды кул сыяктуу жумшап алды деп катуу уу-дуу болгон. «Жаңы шайланган Садыр Нургожоевичтин жардамы менен өлкөдөгү саясий кырдаалды алып кете алам деп ишенем. Өлкөнү алга сүрөөгө болгон күчүмдү жумшайм», - деди Марипов. Ал мурун Алмазбек Шаршенович жана Сооронбай Шарипович деп ийилип жүрүп көнүп калган. Эми атын гана өзгөртүп койду. Убакыт чече турган көп маселер турат. Мариповдун 22 өкмөт мүчөлөрүнүн алтоосу кыскарарын айтканы бул популярдуу кара пиар, анткени, президент шайланар алдында муну далай айткан. Ал таза жана тажрыйбалуу команда топтоп, жыйынтыктуу иш алып барарын да белгиледи. Марипов айыл чарба тармагы көтөрүлөт, ал эми Айыл чарба министрлигинин статусу күчөйт. Кээ бир адамдар айыл чарба министрлигин жоюш керек дешет. Биз макул эмеспиз. Кыргыз өлкөсү агрардык мамлекет. Ал эми бул тармакка мыкты иштей турган министр келет. Мамлекет мага 20 жыл инвестиция кылды, мен мамлекетке өмүрүмдүн акырына чейин кызмат кылам деп айтканын убакыт көрсөтөт.
Үчүнчүдөн, Асамидин Марипов өкүл атаны да тандап койгон. Улукбек Марипов мурунку вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин өкүл баласы экени айтылып жүрөт. Шадиев «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренелери менен айыпталып, өлкөдөн чыгып Америка континенттинде из жашырып жүрөт. Эгер өкмөттүн башына келсе, Улукбек Марипов өлкөнүн чарбалык-экономикалык иштери менен алек болорун кошумчалады: «Алдыбызда коронавирус илдети менен күрөшүү, энергетикалык жана экономикалык кырдаалды жөнгө салуу, жазгы талаа иштерине даярдык көрүү, референдум, парламенттик шайлоолорду өткөрүү маселелери турат. Жогорку Кеңеш менен биргеликте аталган багыттарда жигердүү иш алып барабыз. Башкаруу системасында реформалар жүргүзүлөт. Энергетика тармагында бирөө өндүрүп, бирөө ташып, бирөө элге тараткан түзүмдөрдө оптимизация жүргүзүлөт».
Төртүнчүдөн, Жер үй кенин «жемканага» айланткан Өмүрбек Бабановдун «Республика-Ата-Журт» фракциясы тарабынан сунушталганына караганда элде бүдөмүк ой пайда болууда. Эгер Бабанов өзү өкмөт башына келе турган болдсо элде нааразычылык күч алмак, ошондуктан ал да депутат катары өкмөт башчысынын атасы Асамидин Марипов менен байланышы бар, өз кишисин бийликке алып келип, Бабановдун көксөөсү суудубу?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg