www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эч кимдин, бирөөнүн өздүк аброюна шек келтирүүгө акысы жок, ал үчүн мыйзам алдында да жооп бериши керек. Мындай пикирин ветеринар илимдеринин кандидаты, вирусолог Талант Узакбаев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Жаңы дайындала турган минтстрлер жөнүндө ар кыл талаш-тартыштар болуп баштады. Ошонун ичинде эң кызуу талкуу жараткан илим-билим министринин оорду болду окшойт. Иштеп жаткан министр дагы өтө татыктуу жигит, бирок, башка талапкерди билип-билбей туруп эле элге жамандап, анын өздүк аброюна шек келтирүү - бул натура иш.

Мен профессор Нургазиев жөнүндө жазып жатам. Депутат Акаев Жанар Нургазиевке иш козголгон деген сөзүн же тастыкташ керек, же туура эмес маалымат бергени үчүн элге түшүндүрүп, Нургазиевден кечирим сурашы керек. Эч кимдин, бирөөнүн өздүк аброюна шек келтирүүгө акысы жок, ал үчүн мыйзам алдында да жооп бериши керек. Нургазиев биринчиден өтө чоң окуу жайдын ректору, экинчиден ондогон окумуштууларды тарбиялап чыгарган устат, миңдеген студент, жамааттын жетекчиси, алардын астында анын аброюна шек келтирүү, моралдык сокку уруу - бул эки эсе кечирилгис жагдай деп эсептейм. Жанардын эстүүлүгүнө жана жаңылыш маалымат бергени үчүн, Нургазиевден кечирим сурайт деп ишенем», - деп кошумчалаган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости