www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Nazarnews маалымат агенттиги аскер маселеси боюнча эксперт Токтогул Какчекеевди кепке тартып, коомчулуктун көңүл борборундагы Канттагы авиа база маселеси тууралуу пикир алыштык.

--Токтогул мырза, Орустардын канаттагы авиабазасы тууралуу парламент туура чечим кабыл алды десе, экинчи тарап бекер бергенге тете иш болду деп сындап жатышат. Кимисиники туура? 

--Канттагы авиа база тууралуу нааразычылык жараткан пикирлерди атайын орус-кыргыз досчулук мамилесине, карым-катнашына балта чапкысы келгендер айтып жатат. Чынында орустарсыз биз жылаңач ташбакадай болуп калабыз. Орустардын илеби бизге тийип турган үчүн жана алардын Кыргызстанга көзү түз болгону үчүн, ортодо бири-бирибизге болгон урмат-сый болгону үчүн бизге сырттан душман кол сала элек. Аны эске алгысы келбегендер,  орустар менен болгон мамилени бузууну каалагандар ызы-чуу чыгаргандан бөлөк иш кыла элек. Өкүнүчтүүсү, ошондой эл бузарлардын айынан Кыргызстан 1990-жылы жана 2010-жылы кан төгүүнү баштан кечирди.

--Антип айтканыңыз менен Орустардын авиабазасын мамлекетибизге киргизип алып, алардын барымтасында калдык деп кейигендер да арбын го?

--Мындай ой туура эмес. Анткени, биз алардын барымтасында калган жокпуз. Тескерисинче, колдоо таап жатабыз. ОДКБга мүчө болгонубуз үчүн кокус, биздин мамлекетке кол салуу болсо, алар милдеттүү түрдө колдоо көрсөтөт. Тагыраагы, ОДКБнын мүчөлөрүнө ким кол салса, аталган уюм жалпы аскер курамы менен душмандын мизин кайтарат. Ошон үчүн зарыл мезгилде самолёт алалбай калабыз, булардын пайдасы тийбейт деп кооптонбой деле койсок болот. Анткени, сырткы душмандарга карата самолётторду колдонуу  ОДКБнын Уставында жазылган. Ылайым мамлекетибизде тынччылык эле болсун. Эгер чындап зарылчылык жаралып калса, Башкы Аскер ажобуз колдонууга буйрук бере алат. Себеби, Канттагы орустардын авиа базасы ОДКБнын авиа базасы болуп эсептелет. Бирок, ал авиа база аба жана күч курамы бириккен  Казакстандагыдай курама авиа база болушу керек. Ар кайсыны айтып, убакытты жөн эле корото бербей ушул жагын ишке ашыруунун жолун табышыбыз керек.

--Баса, Канттагы авиа базаны Баткенге которуу маселесин да көтөргөндөр бар. Алардын сунушун колдоого алсак болобу?

--Түштүктө жетиштүү аскер курамы бар. Бирок, анча-мынча чаңызгыткан "билармандар"  борбор шаарды, генштабды, чек ара кызматын, ОДКБнын авиа базасын түштүккө көчүрүп барыш керек деген маселе  көтөрүшөт. Чынында муну эл жана Жогорку Кеңештеги депутаттар ийне жибине чейин талкуулап, көчүрүү зарылчылыгы бар же жок экенин анализдеп туруп,  анан  чечим кабыл алышы керек. Балким, алар мындай маселени шайлоодо добуш алуу үчүн  элдин колдоосуна ээ болуу максатында эле айтып жатышкандыр... 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости