www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти С. Ш. Жээнбековдун атына Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна 14 талапкер, КР Конституциясында каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын административдик сотторуна 2 талапкер жана Бишкек шаардык сотуна 1 талапкер болуп, жалпы 17 талапкер боюнча соттордун судьялык кызмат орундарына дайындоо сунуштары келип түшкөн. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

2020-жылдын 6-июнунда Мамлекет башчысы кээ бир талапкерлер менен маектешүү өткөргөн. Анын натыйжасында жана кошумча берилген материалдарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Президенти судьялык кызматка 16 талапкер боюнча Кеңештин сунуштарына макулдук берди.

Мамлекет башчы тарабынан 1 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, судьялык кызматка бул талапкер боюнча материалдарды Кеңешке кайтарды.

Жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына 16 талапкер боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Жарлыктар чыгарылды.

Тандалып алынган 16 талапкер Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, жергиликтүү сотторго судьялык ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жиберилди:

— Бишкек шаардык сотуна:

Каримова Рахат Абдылдаевна.

— Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна:

Барыктабасова Эльмира Бектургановна;

Жумабаева Жылдыз Кабыловна;

Жумадылов Сыргак Каныбекович;

Ибраева Чынара Назарбековна;

Кадыркулова Таалайкүл Калыкбековна;

Касымбеков Кубанычбек Калыбекович;

Осмонов Феликс Ой-Талбекович;

Рыспекова Аниса Рыспековна;

Сейдакматова Аида Асанбековна;

Сыдыгалиев Бактыбек Арленович.

Жоошбеков Алмазбек Нарынкулович;

Сыдыкова Жылдыз Акбаралиевна;

Темирбекова Аида Абдрахмановна.

— Чүй облусунун административдик сотуна:

Ахметова Айнура.

— Бишкек шаардык административдик сотуна:

Алымкулов Айдарбек Бекишович.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости