www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун акими болуп Таалайбек Жайылов дайындалды. Бул тууралу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Жайылов буга чейин аталган райондогу Бел-Алды айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп келген.

Токтогул районунун мурдагы акими Майорбек Сатымкулов өз милдеттерин так аткарган жок деген негиз менен кызматынан кол жууган.

Белгилей кетсек, "Аймактарды өнүктүрүү" жылында ишинде тийиштүү талаптарды аткарбаган 6 райондун акими кызматынан алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости