www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда сел жүрүп, ички чарбалык жолдорду суу каптады. Анын кесепетинен транспорттордун каттоосуна кыйынчылыктар жаралган деп ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, кечээ, 24-июнда саат 19:00 чамасында Үч-Терек айыл аймагында жаап өткөн жаандын кесепетинен кокту-колоттордон сел жүрүп, Саргата-Такталык ички чарбалык унаа жолунун 100 метрин суу каптаган. Мындан сырткары Саргата айылынын Кодиков көчөсүнүн ички чарбалык жолунун 200 метрин суу каптап, жол каттамы унаалардын кыймылына кыйынчылык жаратты. Жерине райондук бөлүмдүн ыкчам тобу жана айыл аймактан 1 экскаватор тартылган.

Селдин кесепетинен турак үйлөргө зыян келтирилген эмес. ӨКМ кошумча маалымат берилерин  белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости