www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясына умрага жөнөп кетти. Бул тууралуу 2-февралда экс-президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиевага шилтеме берип «Азаттык» жазды.

Маалыматка ылайык, Сауд Арабиясынын падышасынын чакыруусу боюнча уюштурулган бул сапар 2020-жылдын ноябрынан бери пландалып келе жатканы, пандемияга байланыштуу зыяратчыларга чектөө коюлуп келгени, Жээнбековдун умра сапары 10 күн уланып, ал кайра Бишкекке кайтып келет.

«Жээнбеков жубайы менен Бишкектен Түркиянын Стамбул шаарына учту, андан ары ал Сауд Арабиясынын Жидда шаарына барат», деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 2017-жылы алты жылдык мөөнөткө президент болуп шайланган Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда кызматын тапшырып берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости