www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуу Британиядагы пенсияга чыккан математика мугалими учурда 116 баланын атасы болуп калды, деп билдирет “Daily Mail” гезитине шилтеме жасап “lenta.ru.” маалымат агенттиги.
Англиянын Дерби шаарынын 65 жаштагы тургуну Клайв Джонс донор болуп кызмат кылат.
Өз жубайынан үч баласы бар карыя сегиз жылда донор болуунун аркасында 116 баланын атасы болгон.
Басылманын маалыматы боюнча, пандемияга байланыштуу киргизилген чектөөлөр жана өлкөдөгү клиникалардын жабылышы донорлордун жетишсиздигине алып келген.
Натыйжада, интернетте жана социалдык тармактарда ар кандай ассоциациялар пайда болуп, эркектер сперма донору катары өз кызматтарын сунуш кыла баштаган.
Клайв ушундай бирикмелердин аркасында көптөгөн аялдарга донор болуп калгандыгын жашырган жок. Пенсионер клиникаларда 45 жашка чейинкилерге гана кайрымдуулук кылууга уруксат берилгенине өкүнөт.
Ал өзүнүн кызматын күтүүсүздөн социалдык тармактарда чоң суроо-талапка ээ болду деп ырастаган.
Булак: NazarNews.kg