www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Төлөнбек  Калдарбекович, буга чейин кайсыл кызматтарда иштедиңиз эле?

- Буга чейин негизи бир нече мамлекеттик кызматтарда иштегем.  “Ош эсеп” кызматынын Жалал-Абаддагы филиалында эсепчи, токой чарбада да башкы эсепчи  болуп эмгектендим. 2011-жылы Жалал-Абад шаарынын шаардык жол башкармалыгын башчысына сынак аркылуу дайындалгам. 2014-жылы “Тазалык” мекемесине жетекчи болуп дайындалып, анда бир нече жыл иштедим. Андан кийин 2018-жылдын августунан тарта шаардык сууканал башкармалыгында иштеп жатам.

- Кечээ жакында сизди иштен кетирүү боюнча шаардык кеңеште маселе көтөрүлүптүр. Башка өлкөнүн жараны, эсептөө палатасынын чечимдери менен акча желип кеткен дегендин канчалык чындыгы бар?

- Бардыгы жалган.  Ушул маселени жыйында көтөрүлөт деп ойлогон эмесмин. 30-сентябрь күнү депутаттардын бири “башка өлкөнүн жараны экенсиң,  80 миң сом акчаны туура эмес пайдаланыптырсың” - деп маселе көтөрдү. Абдан таң калдым. Ырас, эл өкүлү менин жарандыгыма, ишкананын акчасына күйгөн болсо баарын мыйзам чегинде карап чыкса болмок. Анчалык кызыкдар экен, эмнеге алдын ала комиссияда карабайт, атайын текшерүү жүргүзбөйт? Туура эле келип сессияга көтөргөндөн мурун, жок дегенде өздөрүнүн регламентин сактаса болмок. Жок, антпеди. Баарын такташтырып айтып берсем уккусу да келген жок. Маселени добушка коюшту. Өтпөй калды эле танапис жарыялап, жарым сааттан кийин келип, мага ишенбөөчүлүк көрсөтүп коюшту. Кыскасы ал окуяга, ал сессияга, ал добушка мен эмес, депутаттар өздөрү да түшүнгөн жок. Ошентип өздөрүнүн регламентине каршы, мыйзамга туура келбеген чечим кабыл алып коюшту.

- Кол астындагы кызматкери катары сизди мэр коргогон жокпу?

- Тилекке каршы мэрден андай аракет болгон жок. Бирок, үн катпай туура кылды. Анткени, мен мыйзамга каршы же туура эмес иш кылбашымды ал киши жакшы билет. Бирок, көшөгөнүн аркасында ал тураарын да билем.   Мурат мырза өзүнө каршы сүйлөп же ал ишти аткарбай койгондорду сөзсүз ар түрдүү жолдор менен  кызматтан алууда. Депутаттар менен да сүйлөшүп, суудан кургак чыгуунун аракетин көрүп жатат. Кудайга койдум, башка эч нерсе дебейм. Мыйзам аркылуу сүйлөшөм эми. Акыйкатка жетем деп ойлойм.

- Россиянын жараны эмес экениңизди кантип далилдеп бердиңиз?

- Тийиштүү кызматтардан жарандыгым жоктугу тууралуу тактамаларды алып келип тапшырдым. Прокуратура ошону карап, бүгүн шаардык кеңешке каршылык билдирди.

- Сиздин кызмат  муниципалдык болгондуктан жарандыкты сөзсүз текшериш керек беле? 

- Туура, муниципалдык кызмат. Мында жарандык боюнча маселе болбошу керек эле. Бирок, мен Кыргызстандын жаранымын. Негизи мен  депутаттарга деле күнөө койбойм. Балким кимдир бирөөгө кызмат керек болуп, булар ушул жолду карманышты. Деген менен, ушул кылгандары туура эмес болду.  Кызматка жармашкан жерим жок. Ордум керек болсо арызымды деле жазып бермекмин. Мындай каралоого карап тура албайм. 

- Азыр жумушка чыгып жатасызбы?

- Жок, окуя болгондон кийин Жогорку Кеңешке бармакмын.  Олуттуу маселе боюнча комитетте жыйын өтүп жаткан. Комитеттен чыккан соң кан басымым көтөрүлүп, ооруканага кайрылдым.  Дарыгерлер эч кайда кетпейсиз дегенинен дарыланууга туура келди. Учурда Жалал-Абадда жүрөм, дагы эле толугу менен жакшы боло элекмин.

- Укук коргоо органдары эмне деп жатат?

- Шаардык прокуратура депутаттардын чечими мыйзамсыз болгондугун айтышты.  Көп жылдан бери ушул тармакта иштеп жүрөм. Кетсем да таза, жүзүм жарык кетем. Себеби эртең мындан да чоң кызматтарда иштегенде бул маселени башкалардын көтөрүлүшүн каалабайм. Өзүмдүн укугумду мыйзам алдында коргойм. Дагы бир жолу кайталайын, кресло чечпейт эч нерсени.  Ушул убакытка чейин жашынакай иштеп келип, болбогон шылтоо менен кызматтан кете албайм, -деп ал "Де-факто" гезитине маек берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости