www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АҢГЕМЕ
Райондук бейтапканынын каттоо бөлүмүндө саарлап тоо тараптагы айылдан келген кемпир бир топ отуруп калды. Качан бул жерде иштеген кыздар келе баштаганда колунда эртеден бери абайлап кармап отурган кагазды айнек тешиктен аларга сунду.
– Кызым, бу кыз силерге ооруп келип, жатып дарыланып кетиптир, ооруусу эмне дарт экен балам, билип берчи.
Кемпирдин капкара болуп туурулган арык, узун колунан бүктөлгөн кагазды алып жатып ак халатчан кыз ага эч нерсе түшүнбөгөндөй бүшүркөй карады. Кагазда кыздын аты-жөнү, айылы жазылган. Кемпирге суроо узатты?
– Сиз ким болосуз, бул кызга?
– Мен бул кызды уулума кудалаганмын, сөйкөсүн салганмын, буюрса, күздө той кылабыз… Кемпир андан ары сөзүн улабай ак халатчандын оозун карады.
– Жакшы экен, анда эмне анын оорусун сурап жатасыз? Биз жат адамдарга дарыланып кеткендердин жөн жайын, дарты эмне экенин айта албайбыз, тартип ушундай.
– Кызым, бир нерсе кылып мага жардам берип кой, айланайын, бар мал-пулумду чачып бу кызды келин кылып алганы жатам, уулум жалгыз. Анан оорукчан келинди алып алып бекер күйүп калбайын. Өткөндө биздин айылдан бирөө доктурга жаткан экен, ошол айтып келди мага… «Сага келин болчу кыз да ооруканада жатат» деп. Дарты жаман болсо, азыр кеч боло электе андан баш тарталы… уулума да түшүндүрөйүн.
– Уулуңуз аны менен сүйлөшкөнбү?
– Сүйлөшмөк тургай, сүйүшүп жүрөт. Андан бөлөктү албаймын дейт.
Ушинткен кемпир каттоочу жайда иштеген кызга бир топ жалынып жалбарды. Бирок кыз баари бир кемпир сураган маалыматты бере койбоду. Мыйзам, эрежеге шылтап туруп алды көгөрүп.
Алыс жолдон убара болуп келгенине кейип кепчип, кыжаалат абалда кемпир кайра жолуна түштү. Өткөндө жанагы айылдашы да айткан эмес, кыздын эмне менен ооруп жатканын, доктурканадагы бул кыз да айтпай койду. Болду болбоду оорусу жаман дарт ко, кемпирди чындап убайым басты. Анын келечек келининен күткөн үмүтү чоң эмес беле. Жалгыз уулунун башын көбөйтүп чубуртуп уулдарды, кыздарды төрөп берсе, катууну камырып, жумшакты жумуруп бу кемпирдин үйдөгү түмөн түйшүгүн колунан алса, кемпир байбиче болуп уучу узарып, картайган чакта телегейи тегиз уул, келининен үзүр көрсө… Ушул тилек менен бул аял өмүр бою жашады, өмүрү ушул тилек менен батып барат. Эми эмне кылат?
Бейтапкананын каттоо бөлүмүндө иштеген кыз аз күндө кайнене болчу кемпирдин көзүндөгү кабатырды көрүп турса да, негедир бул кемпир ага жакпады, аны жаман көрүп калды. « Эмне тыңсынат? Азыр оорубаган киши барбы?» деп.
Булак: Рухэш