www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
19-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблея Кеңешинин (ЖККУ ПА) көчмө жыйынынына катышуу үчүн Бишкекке келген Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Владимир Андрейченко менен жолугушкан.
Жолгушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын учурдагы абалы талкууга алынып, парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу маселелери көтөрүлгөн.
Ошондой эле жолугушууда Төрага Дастанбек Жумабеков мурдагы өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин Беларусь Республикасында кармалып турушу жана анын коомдук иштерге тартуулусу Кыргызстан тарапты тынчсыздандырарын белгиледи.
Ага жооп катары Владимир Андрейченко Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын алакасын жигердүү улантуу зарылчылыгын айтып: “Жогорудагы маселе эки тараптын калыптанган байланышына кедергисин тийгизбейт деген ишеничтебиз” ,– деген.
Кызыгы, төрага Дастан Жумабеков, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев айткандай “чимкирик” парламент деп атаганда бир “эркекче” сөзүн айта алган эмес. Ал тургай азыркы 6-чакырылыштагы парламенттин эл арасында аброю жок экендигин анализ кылып эксперттеринен сурап койсо.
Кыргызда “алыңа жараша чүчкүр”, деген сөз бар. Бакиевдер тууралуу сөз козгомуш болбой, алгач Жумабеков дасыккан саясатчы болуп алса деген пикир.
Анткени, Курманбек Бакиевдин өлкөдөн чыгып кеткенине 10 жылдын жүзү болду. Бакиев, “моюнча” төрага Жумабеков унутуп, Белоруссия тарап менен жаңы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды сүйлөшсө жакшы болот беле?
Деңгээли төмөн экени билинип калды...Аман эле болсун, эл аралык сүйлөшүүнү билбей, “во время” маанилүү маселе чечип албастан, өлгөн аттын такасын козгоп аялдарча арыз-муңун айтып олтурганын...
Ушул эле парламент Азиз Батукаевди бийлик качырып жибергенде колуңардан коко келген эмес эле...
Булак: NazarNews.kg