www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төрөбаев төбөгө чапкандай эле болду

Өкмөттүн араңжан болуп аракеттенип жатканы коомчулуктун гана эмес, парламенттин да жинин кайнатып турган учуру. Мактайын десе көзгө илинчү жарытылуу иши жок болуп жатпайбы. Курулай эле мактоодон баары коркуп турушат. Коомчулуктун ур-тепкисинде калбайын деп.

Кечээ күнү буга чейин катуу үнү чыкпай келаткан “Өнүгүүнүн” лидери Бакыт Төрөбаев Өкмөттү катуу сындап, элге уят болуп жатканын төбөгө чапкандай кылып эле айтты.

“Ак үйгө карап түкүргөн баладан 5500 сом айып пул ала албай уят болуп жатасыңар. Маалыматтан артта калдыңар” деп Өкмөттүн ташбака жүрүшүнө ыйлагысы келди.

Чындыгында ошондой болуп жатпайбы. Азыркы Аткаруу бийлигине ыраазы болгон жан жок. Абылгазиевдин аракеттеринин баары текке гана кетүүдө.

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости