www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тогуз-Тородогу башаламандыктан кийин иштен кеткен Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Акылбек Мамасеитовдун кызмат ордуна байланышкан иш 21-январда Жогорку сотто каралат.

Буга чейин баш калаадагы Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык соттору анын пайдасына чечим чыгарышкан. Ага нааразы болгондор басма сөз жыйыны аркылуу президентке, өкмөткө кайрылып, иштеги кемчилиги үчүн кызматтан алынган жетекчини кайра ордуна кайтарууга жол бербөөгө чакырган.

Милициянын полковниги, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Акылбек Мамасеитов бул кызматка 2017-жылы апрель айында дайындалган. 2018-жылдын апрелинде Тогуз-Торо районунда тургундар кен казуучу компанияга каршы уюштурган нааразылыктын артынан чыккан тополоңдон кийин иштен алынып, Ички иштер министрлигинин криминалдык милиция кызматынын аймак аралык башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган. Көп узабай эле бул кызматтан да алынган.

Мамасеитовго милиция кызматкерлерге курулган 100 батирлүү турак жайдын «27син мыйзамсыз бөлүштүргөн» деген күнө да коюлуп жатат. Ал өз дарегине айтылган айыптоолорду доомат деп баалап жүрөт. Кызматтан алынышы боюнча чыгарылган чечимдерди да мыйзамсыз деп эсептейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости