www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дасыккан дипломат, саясатты аңдап биле алган Аликбек Жекшенкуловдун тажрыйбасы өлкө үчүн колдонулбай жатканы көпчүлүктү таң калтырчу. Азыркы бийлик Жекшенкуловду Россияга элчи кылып тандоо менен кадр саясатында оңолууга баратканын далилдеди. Аликбек Жекшенкуловдун миллионго жакын мигранттарыбыз жүргөн Россияга элчи болуп жөнөтүлүшү эл ишениминдеги кадрлар четке сүрүлүп калбай, татыктуу тандоо болуп жатканын далилдеди.
Жекшенкулов мигранттардын чечилбей жаткан көйгөйлөрүн чечүүдө иш билгилигин көрсөтөрүнө кыпындай дагы шек жок. Кыргызстандын жүзүн дагы татыктуу көрсөтөт деген ишеним күч. Орус-кыргыз алакасын жакшыртууга Жекшенкуловдун дарамети, тажрыйбасы дагы жетиштүү.
Булак: "Жаңы Ордо"