www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын түштүк-батышындагы Ушак деген шаарда болгон окуя ФЕТОнун ишкерлерди кантип тоногонуна толук мисал боло алат. USAŞ фирмасы ФЕТО салган салыкты төлөбөгөндүгү үчүн өз ишмердүүлүгүн токтотууга мажбур болгон.
Бир жарым жыл жүргүзүлгөн иликтөөнүн натыйжасында ФЕТОнун иштеп жаткан фирманы кантип карызкор кылганы, ал фирманын кызматкерлери кантип жумушсуз калгандыгы белгилүү болду. Прокуратуранын 2600 беттен турган иликтөө отчетунда 5 миң жумушчуга ээ болгон USAŞ фирмасынын жетекчиси Асым Калели уулу ФЕТО тарабынан ага карата жасалган тузакты айтып берди.
“2011-жылы үч уктасам түшүмө кирбеген финансылык кризисти башыман өткөрдүм. Алгач жардам иретинде деп 14 000 АКШ долларын талап кылышты. Мен төлөгүм келбеген соң алар мага каралоо иштерин башташты. Башыма келген иштерди түшүнө албай жаттым. Квитанциясыз соода-сатык кылгансың жана штамп төлөмдөрүн бербей койгонсуң деп мамлекеттик органдар айып сала башташты.
ФЕТО жамаатынын белгилүү адамдарынан Хазим Сесли экөөбүздүн ишкерликте байланышыбыз болгондугунан кызматташып жүрчүбүз. Өзүн Ушак шаарынын жетекчиси сыяктуу көрсөткөндүгүнөн улам өзүнө карата сын-пикир айтып койгон элем. Бир күнү Хазим Сесли менин жаныма Гүлен жамаатынын шаардагы имамы деп Жемаледдин деген кишини ээрчитип келдип тааныштырды. Жамааттын Түштүк Африкадагы мектептери үчүн деп, менден 14 000 доллар сурады. Менде анча акча болбогондугунан улам берүүдөн баш тарттым. Бул окуядан кийин 2011-жылы Хазим Сесли эл өкүлчүлүгүнө талапкерлигин коюп, менден колдоо көрсөтүүмдү эскертти. Макул болгон жокмун. Мага жини келди, бирок соода-сатыкта мамилебиз болгондугу үчүн унчуга албады. Ошол убакта Ирака жумуш менен кеткен элем. Ал жакта жүргөнүмдө телефондон менин фирмамды жандармения текшере башташкандыгын уктум. Алар алгач текшеришип, компьютерлерди алып кетишиптир. Мен Түркияга келгенде фирмамды текшерүүгө келген ал адам ”Сен качып жүрөсүң”, - деп коркутуп, документке кол койдуруп алды.
Пенсиядагы бир аскер кызматкери мага текшерүүгө келген адамдардын Гүлен жамаатынан экенин айтып ”Бул ишти Анкарада мурда финансы тармагында жетекчи болуп иштеп жүргөн Вейсел деген кишини чечет”, - деп айтты. Ал эми аларга кайрылганымда алар мага уулуму TUSKONго мүчө кылуумду шарт коюшту. Ошол эле учурда алар жергиликтүү газеталарда мени ууру-кески, мыйзамсыз топторду колдогон деген маалыматтарды чыгарышты. Кыскасы мага болушунча тузак коюшту. Мен баарын түшүндүм, бирок эми кеч болуп калган эле. Себеби алардын күч органдарында да тааныш адамдары бар болчу.
Жергиликтүү гезиттерге чыккан кабарлардан кийин банктар мага кредит берүүдөн баш тартышты. Иштеп жаткан шаймандарымы токтотууга мажбур болдум Соода-сатыгым токтоп, 5000 жумушчум көчөдө калды”.
Булак: NazarNews.kg