www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Чылпагын алабыз дешип, көзүн оюп алышпаса эле болду”, - деди бүгүн, 16-мартта NazarNews маалымат агенттигине Төрөбай Колубаев.

-Төрөбай мырза, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева камакка алынышы мүмкүнбү?

-Ошондой десек да болот. Чынында соттор да өз билгенин жасап, адамдын тагдырын ойлобой калышкан. Тартип комиссиясы Гүлбара Калиева тууралуу чечимди туура эле кабыл алган. Эми анын кесиптештери Калиеванын канчалык мыйзамсыз иштери бар экенин ачык  айтышы керек. 

-Айрымдар Камчы Көлбаевдин эркиндикке чыкканын сындап, аны акча төлөтүп чыгарып койгонун туура көрүшпөгөнүн айтышууда. Бул жерден катачылыкка жол берилип кеттиби?

-Негизи Камчы Көлбаев тууралуу туура эле чечим кабыл алышты. Аны камаганда эмне пайда. Эми анын эркиндикке чыгышы, камалышы канчалык деңгээлде мыйзамдуу болгонун убакыт көрсөтөт.

-Бийлик эл күткөн реформаны жасай алат деп ишеним артсак болобу?

-Тилекке каршы бийлик эл күткөн реформаны жасай алышпай жатат. Анткени, коррупция менен күрөш да тандалма жүрө баштады. Ал турсун кадр маселесинен да аябагандай аксап, эл иренжиген адамдарды  даражалуу кызматтарды аркалап калды. Реформа да ойдогудай жүрбөй, баш аламандыктарга жол берилип баштады. "Чылпагын алабыз дешип, көзүн оюп алышпаса" эле болду. 

-Неге бийлик Райымбек Матраимовду камап, бирок Шадиевге жана башкаларга жумшак мамиле кылып жатышат?

-Матраимовду Американын саясатын колдойбуз, силер менен кызматташууга даярбыз деген таризде камашкандыр. Бирок, Шадиевди да жакын арада кармап келишет. АКШаны калкалабаса керек. Ошон үчүн Ташиев Шадиевди кармап келүү аракети башталды деген билдирүү таркатты окшойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости