www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл ОИИБдин коомдук коопсуздук кызматы, мергенчилер жана балыкчылардын Ысык-Көл облустук коомдук бирикмесинин башкармалыгы, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте «Арсенал» операциясынын алкагында Түп районунун Түп айылында биотехникалык иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын максаты — аймакта зыян келтирип жаткан жырткыч жаныбарлардын, тактап айтканда чөөлөр менен бөрүлөрдүн санын азайтуу, жарандардын жана мал-жандыктын коопсуздугун камсыз кылуу болду.
Биотехникалык иш-чарага тажрыйбалуу мергенчилер тартылып, тиешелүү эрежелер жана коопсуздук талаптары так сакталды. Иш-чаранын жүрүшүндө жаратылышты коргоо жана мыйзам талаптарын сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Мындай иш-чаралар жапайы жаныбарлар менен адамдын ортосундагы коркунучтуу жагдайлардын алдын алууга, ошондой эле экологиялык тең салмактуулукту сактоого багытталган.