www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 8-июлда Түп районуна караштуу Балбай жана Түп айыл аймактарында кыска убакытта нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүргөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Түп айыл аймагына караштуу Шаты айылында кокту-колоттон келген суулар арыкка батпай,көпүрөдөн ташып, көчөлөрдү каптаган. Жерине айыл өкмөттөн 2 экскаватор, 1 хово, 1 жүктөгүч тартылып, иш алып барууда.
Ал эми Балбай айыл аймагына караштуу Күрмөнтү айылында көпүрөгө суу батпай, жолду каптаган. Жерине 3 экскаватор, 1 жүктөгүч тартылган.
Жаандан улам Ак-Булуң айылындагы бир үйдүн короо-жайын суу каптап, жеринде 2 экскаватор, 1 жүктөгүч иш алып барууда.
Азыркы учурда ички чарбалык арыктардын нугу тазаланууда.
Кошумча маалымат берилет.