www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев депутаттардын, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана кризистик борборлордун өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрдү.
Анда кризистик борборлордун ишмердүүлүгүнө байланышкан көйгөйлөр талкууланып, аларды чечүү багытындагы сунуш-пикирлер айтылды.
Төрага Марлен Маматалиев акыркы жылдары Президенттин демилгеси менен мамлекет тарабынан калктын социалдык маселелерин чечүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, гендердик зордук-зомбулуктардын алдын алуу, үй-бүлө институтун бекемдөө, аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо жаатында көп иштер жасалып жатканына токтолду.
“Бирок аталган багыттагы иштер дагы уланышы керек. Айрыкча тиешелүү мамлекеттик мекемелердин ишин күчтөндүрүп, кризистик борборлорду да колдоого алуу учур талабы. Алсак, өткөн жылдын алгачкы он айында эле 18254 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Ошол эле учурда жалпы Кыргызстан боюнча 17 кризистик борбор гана иштейт экен. Алардын санын дагы көбөйтүп, республиканын бардык аймагын камтыгандай шарт түзүшүбүз кажет”, – деди Төрага.
Жыйында кризистик борборлордун өкүлдөрү каржылоо маселеси курч экенин айтып, мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражаттарды алууда да кыйынчылыктар бар экенин белгилешти.
Тагыраагы, өткөн жылы үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга жардам көрсөтүүчү кризистик борборлорду колдоо максатында 28 млн сом каралган. Бирок анын көлөмү быйыл 15 млн сомго кыскартылып кеткен. Мунун себебин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өткөн жылы бөлүнгөн каражаттын толук пайдаланылбагандыгы менен түшүндүрдү. Ал эми кризистик борборлордун өкүлдөрү сунушталган долбоорду мөөнөтү да узакка созулуп кеткендиктен каржыны алууда кечигип калып жатышканын жүйө келтиришти.
Төрага Марлен Маматалиев тиешелүү мекеме жетекчилерин жыйында көтөрүлгөн бардык маселени карап чыгып, тийиштүү иштерди жүргүзүү тапшырмасын берип: “Керек болсо мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизебиз. Биздин максат көйгөйдү айтып эле тим болбой, аны чечүү жолдорун табуу. Андыктан, аталган багыттагы маселелерди комплекстүү карап, ыкчам чараларды кабыл алышыбыз кажет”, – деди. Ошону менен катар жыйында Жогорку Кеңеш аталган тармакка байланышкан мыйзамдардын аткарылышын тыкыр көзөмөлдөй тургандыгы баса белгиленди.