www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президентке шайлоо десе кырк уруулуу кыргыздан сексен адам так талашка аттанат.Мындайча айтканда ар бир уруудан экиден адам. Жетер жерине бир гана адам жетчү бул таймашууда жыгылгандар да көп. Парламенттик шайлоодо жапа тырмак аттанабыз, арийне шайланган соң сөгүп калабыз.
1
Адигине, Тагайдан,
Артык элең далайдан
Өрөөндү кармап өкүртө,
Өктөмдөр чыккан Алайдан.
2
Угулат экен ар дабыш,
Учунда элдин калбаңыз.
Жугунду кайда төгүлсө,
Жутунуп барат сарбагыш.
3
Камокту сыртка алыптыр,
«Беш күрөң» жолу тарыптыр.
Шишени таппай борбордон,
Шилекей жутуп калыптыр.
4
Бийликтен жешип чеки пул,
Эшектин дагы эти пул.
Бабабыз ачка калган деп,
Байлыкты жыйнайт «жети кул».
5
Эскини эңсеп өксөбө,
Заманың жаңы өкчөөдө.
Сакалын сылап дардайып,
Черткилер жатат көчөдө.
6
Ак-Сайдан кенен берип жер,
Картөшкө айдап эрикпей.
Балдарын таштап малына,
Базарда жүрөт чериктер.
7
Соодалап чөптү күлүшөт,
Соткага кулак түрүшөт.
Менчиктеп жерди «жөө тынай»,
«Мерседес» минип жүрүшөт.
8
Чүй жакта кенен ой-тоолор,
Чүрчүттөр келсе жол толоор.
Чүйгүндөп жерин таратып,
Чүрүшүп барат солтолор.
9
«Биттерин сыгып» ашыкпай,
Бизнеске жөнөйт шашып шар.
Добушу чыгып алыстан,
«Дордойдо» жүрөт азыктар.
10
Кыздарды кудай жалгады,
Калыңды алып жалмады.
Ак мөөрүн сатып саяктар,
Соң- Көлдө сулуу калбады.
11
Кыйкырса үнү угулаар,
Кызматтар деле бурулаар.
Көпчүлүк жүрсө бийлик деп,
Көл жакта калды бугулар.
12
Ысык-Көл жакта эмнең бар?
Ыргалган жалгыз кемең бар.
Мойсогон көлдүн балыгын ,
«Морский» саяк деген бар.
13
Мингени эптеп чобур ат,
Министр болсо оңдурат.
Акимге дагы жете албай,
Ар жерде жүрөт коңурат.
14
Акаев келип жеди жер,
Атамбаев жеди эр.
Жетебиз дешип бийликке,
Желпинип жүрөт жедигер.
15
Сатылбай буурчак, таруусу,
Жетпесе дагы каруусу.
Сок билек болуп бийликке,
Сол жактын жүрөт саруусу.
16
Кушчулар карайт алыстан,
Ким чыгат дешип жарыштан.
Куштарын эми таптабай,
Кыздарын таптап калышкан.
17
Кыргыздар эч бир чегинбей,
Кыйласын кошкон эринбей.
Кытайлар бизде турганда,
Чыңгыздай чыгар генийлер.
18
Ак тондор менен боз тондор,
Бийликке келсе тостоңдоор.
Жулунуп эми турушат,
«Жугунду ичкен» бостондор.
19
Жүрө албайт дайым ээликпей,
Жүгүрөт жанды кейитпей.
Жүзүңдү буруп кетпесең,
Жүгөндөп алат тейиттер.
20
Кейишке салат ичкилик,
Кетпесе экен итчилик.
Ооздорун Ошту каратып,
Орозо кармайт ичкилик.
21
Замандар дагы оңолоор,
Тартыштык деген жоголоор.
Чачырап бүтүн кыргызга,
Чар-жайыт кеткен моңолдор.
22,23
Жорулар менен бөрүлөр,
Жортушуп эми көрүнөөр.
Доолабай коё тургула,
Долларлар далай төгүлөөр.
24
Тезекти терип тоңколоор,
Жарыксыз түндө оңколоор.
Келбейт го ал күн, көл суусун
Жутпайбыз дешет чоңколор.
25
Чоңоюп барат уул-кыздар,
Чоочунга чаңды жугузбай.
«Илибойго» эми жеткизбейт,
Илимий жактан мундуздар.
26
Садага сурап малын жеп,
Сакалын сылап барын жеп.
Сагаалайт бийлик тарапты,
Сарттарда капчык калың дейт.
27
Кыйласын далай өткөргөн,
Кылымды нечен бөктөргөн.
Кыналып кыргыз, өзбекке.
Кыпчактар ашты көптөрдөн.
28
Басыздын эми баасы бар,
Бийликке атчу жаасы бар.
Билгизбей мейли жеп койсун,
Жегенин эптеп казып ал.
29
Добушту топтоп салдырар,
Тостторду далай алдырар.
Эл берсе эптеп сом,теңге
Евро берет баргылар.
30
Ашыкча болсо кокус пул,
Айкашка түшкүн чокуш,жул.
Ажого болсун талапкер,
Отузду тапчы «отуз уул».
31
Кыргызга жеңил от алыш,
Ак үйгө барып чок салыш.
Билекти түрүп жоого эмес,
Бийликке жөнө жоочалыш.
32
Талаага барып тезек тер,
Шайлоодо пулду кесек бер.
ГЭСтерди сатып ийбесин,
Кескилеп эми «кесектер».
33.
Добушту көптөп салышкан,
Бийликке барат жагышкан.
Талпагың чыгып калат го,
Талапкер чыкса багыштан.
34
Талашып төрдү жөөлөшкөн,
Мансапка барса өөнөшкөн.
Тытырап аткан мылтыктай,
Тыңдары барбы дөөлөстөн?
35
Тизгинди алып атадан,
Бийликти далай матаган.
Чоң муштум бийлик орнотмок,
Чоңоюп келсе катаган.
36
Кээ бирге керек жан багыш
Кээ бирге керек чоң тааныш.
Кол тамга бүтпөй көчөдө,
Колоктоп жүрөт «чоң багыш».
37
Шайлоолор улам жакындап,
Талапкер алды такымдап.
Түштүктөн добуш алчулар,
Муңгуштан барып жакын тап.
38
Зоболо күтүп жаштар да,
Беришпейт колду аздарга.
Парикти кийип алышып
Жүрүшөт анда таздар да.
39
«Найм-найм»-деп жешкен байышат,
Наймандар кайда барышат?
Онояк жакка барам деп
Онтолоп добуш салышат.
40
Баштарым турат каңгырап,
Добуш сал дешет: «каңгылап».
Кыйының барбы талапкер,
Кыргызга берчү жан-кубат?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg