www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп, калкынын көпчүлүгү мусулман 6 өлкөнүн жарандарына 3 айлык жаңы виза чектөөсүн алып келген токтомго кол койду.

Виза чектөөсүн киргизген өлкөлөр; Иран, Сирия, Сомали, Судан, Йемен жана Ливия.

Трамптын мындан мурда кол койгон токтому дароо күчүнө кирсе, жаңы кол коюлган токтому 16-марттан баштап ишке ашырыла баштайт жана ушундайча ыктымалдуу чаташтыруулардын алдын алган болот.

Жаңы ишке ашыруудан АКШда мыйзамдуу олтуруу укугуна ээ болгон жашыл карточкалуулар (Green Card) жана учурда убактылуу Америка визасы болгондор таасир алышпайт.

Мурдагы түзөтүүдө «экинчи буйрукка чейин АКШга кабыл алынуулары токтотулган» сириялык качкындардын жаңы түзөтүүдө башка качкындар менен бирдей статуста каралгандары жана бардык качкындар программасынын 4 айга токтотула турганынын маалыматы орун алды.

Жаңы токтомдо АКШга алынган качкындар темасында да жаңы бир түзөтүүнүн киргизилиши көңүл бурду. Жаңы токтомдун ишке ашырууга өтүшү менен бирге АКШ, 120 күн бою эч бир өлкөдөн баш калкалоочуну кабыл албайт.

Жаңы виза жөнгө салуусу менен өлкөнүн дагы коопсуз абалга айландырылышы максатталууда.

БУлак: "trt.net.tr"

Последние новости