www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп 9-майда Москвада өтө турган Улуу Жеңиштин 80 жылдык майрамына келбейт. Бул тууралуу Ак үйдөн билдиришти.

«Жок, мен барбайм», – деп Трамптын сөзүн Ак үйдүн басма сөз кызматы келтирген.

Буга чейин РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Вашингтон менен Москванын ортосунда Трамптын май айынын башында Москвага баруусу боюнча эч кандай келишим жок экенин айткан.

Учурда Жеңиш парадына катышарын төмөнкү лидерлер тастыкташты: Сербиянын президенти Александр Вучич, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо жана Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин.

Последние новости