www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Кара-Суу районунда «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрүнүн үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-февралда УКМК менен Ош ОИИБ тарабынан диний-экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдарга каршы аракеттенүү алкагында, ошондой эле козголгон кылмыш иши боюнча тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» радикалдык экстремисттик уюмунун 6 активдүү мүчөсү жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында "Хизбут -Тахрир" радикал-экстремисттик агымынын "Аль-Вайи" деп аталган 4 китеби, "Хизбут-Тахрир" ДЭУнун 4 баракчасы, 2 бычак, 55 түрдүү диний адабияттар, 12 уюлдук телефон жана 1 ноутбук алынды.

 Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Последние новости