www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын президенти Владимир Путин өлкөнүн ири банктарынын бири Газпромбанкка америкалык ишкер Илон Маск менен кызматташууну тапшырды. Бул тууралуу трт.нет билдирди.

Путин борбор шаар Москвада өткөрүлгөн «Келечек технологиялар форумунун» алкагында Газпромбанктын төрага орун басары Дмитрий Зауэрс менен жолугушту.

Зауэрс менен ракета жана космостук технологияларда колдонулган батарейкаларды изилдеген Путин: «Маск менен күчтөрдү бириктиришибиз керек»,-деди.

Масктын АКШнын административдик бирдиктериндеги реструктуризация процессине кызыкдар экенине көңүл бурган Путин: "Кайра куруу процесси аяктагандан кийин, илимге кайтып келет. Аны менен кызматташуу түзгүлө.  Космосто биргелешип иштөөнү талкуулап жатабыз, бул тармакта да кызматташа алабыз",- деди.  

Tesla, SpaceX жана  Xтын ээси Маск  АКШдагы Өкмөттүн эффективдүүлүгү департаментинин да (DOGE) жетектейт.

Газпромбанк АКШ санкция салган орус банктарынын арасында.

Последние новости