www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израилдин  Газа тилкесинде  15 айдан ашуун убакыттан бери уланып жаткан геноцидинде 18 миңге жакын палестиналык бала каза болгонун трт.нет билдирди.

Израиль эне курсагында төрөлө элек жана  жаңы төрөлгөн палестиналык ымыркай жана балдарды бутага алды. 

Израиль армиясынын кол салуулары башталган  2023 - жыл  7 -  октябрдан бери 17 миң  881 бала каза болду.

Газа өкмөтүнүн басма сөз кеңсеси Израилдин геноциди учурунда  214  ымыркай төрөлөр замат өлтүрүлгөндүгүн, бир жашка чейинки  808  ымыркайдын кол салууларда каза болгондугун жарыялады. 

Кеңсе  январь айынын акырында  берген билдирүүсүндө 18 пайызы балдар, 4500 адамдын ампутацияланганын билдирди.

3 миң  500 баланын жетишсиз тамактануу жана азык  - түлүк  жетишсиздигинен улам өлүм коркунучу бар экени эскертилди.

Израиль күчтөрү 2023-жылдын 10-ноябрында  Газанын батышындагы Аль-Наср балдар ооруканасына рейд жүргүзүп,  медициналык кызматкерлерди эвакуацияланууга мажбурлаган.

Газадагы саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Израиль аскерлери ара төрөлгөн ымыркайларды эвакуациялоодон баш тартып, 5 ымыркайдын өлүмүнө жол ачты.

Газада мектеп жашындагы балдар 15 айдан ашык убакыттан бери уланып келе жаткан геноцидден улам билим албай калышты.

Газадагы билим берүү министрлиги 22-январда Израилдин  6 жаштан 18 жашка чейинки 15 миңден ашуун мектеп окуучусун өлтүргөнүн жарыялаган.

Билдирүүдө 50 миңден ашуун студенттин жаракат алганы, алардын көбүнүн «кол-бутунан ажырап калуу, шал болуу, баш травма жана сезүү сезими сыяктуу туруктуу майыптыктарга" дуушар болгондугу белгиленген.

БУУнун Балдарга жардам фондунун билдиргенине караганда 1  миллион бала  депрессия, тынчсыздануу жана өзүн өзү өлтүрүү ойлорунан улам психикалык саламаттыгына жана психосоциалдык колдоого муктаж.

Последние новости