www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талибандын Билим берүү министрлиги ооган мектептериндеги эркек окуучулар менен эркек мугалимдердин көйнөк жана дамбал, ошондой эле баш топу же селде кийүүсүн милдеттүү кылган “Дресс кодексин” бекитти. Бул тууралуу “Etilaatroz” басылмасы жазып чыкты.
Жободо окуучулардын кийими кездемеден тигилген көйнөк жана дабалдан туруп, көйнөктүн этеги тизеден ылдый түшүшү керек деп жазылган. Мамлекеттик мектептердин 1-класстан 9-класска чейинки окуучулары ачык түстөгү көйнөк жана дамбал кийип, топу же чалма кийиши керек. 10-12-класстын окуучулары ак көйнөк жана дамбал, чалма (селде) кийиши керек.
Жеке мектептерге окуучуларынын формасынын түсүн тандап, кийимдеринде өздөрүнүн логотиптерин көрсөтүүгө уруксат берилет.
Жобого ылайык, эркек мугалимдер да көйнөк, дамбал, селде же жок дегенде баш кийим кийиши керек. Окуучулардын жана мугалимдердин кийими өтө кыска же узун, өтө тар же жабышчаак, өтө жука болбошу зарыл.
Эгерде студент белгиленген форманы жүйөлүү себепсиз кийбесе, ага биринчи жолу эскертүү берилет. Эгерде бул эрежени дагы бузса, ага үй-бүлөсүнүн катышуусунда мындан ары бул эрежени бузбай тургандыгы тууралуу жазуу жүзүндө эскертилет.
Талибдердин Билим берүү министрлиги бул система окуучулар арасында тартипти орнотуу, билим алуу жана баш ийүү духун күчөтүү, бай жана кедей үй-бүлөлөрдүн балдарынын ортосунда теңчилик сезимин калыптандыруу, окуучулар менен башкаларды айырмалоо жана исламдык кийинүү маданиятын бекемдөө максатында киргизилгенин баса белгиледи.
Талибдердин лидери Хибатулла Ахунзаде бул жобону бекитип, андан кийин Билим берүү министрлигинин башчысынын милдетин аткаруучу Хабибулла Ага бардык провинциялардагы билим берүү бөлүмдөрүнө аны ишке ашырууну буйруган.
Жободо студент кыздардын жана мугалимдердин кийимдери тууралуу эч кандай маалымат жок.
Белгилей кетсек, буга чейин Ооганстандагы "Талибан" убактылуу өкмөтүнүн Жогорку билим берүү министрлиги 500 студентке Орусияда окууга тыюу салган. Талибдер бул тыюуну студенттер Орусияга мусулман болуп кетип, кайра коммунист катары кайтып жатышат деп актаган.
Райхан Улканбаева, Ташкент