www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ушул убакка чейин ИИМ орун басары Октябрь Урмамбетовду көлдүк абалар колдошуп, телчиктирип келишти да. Мындайча айтканда, жердешчиликтин фишкасы менен чоңойгонбу? “Адам аласы ичинде...” дегендей, акыры шек кеткени каңкууланды.
Бул арада таасирдүү топ Чүй ОИИБ начальниги Каныбек Абдрахмановдун аракетчилдигин, түз жүргөнүн байкашып, перспективдүү кадр катары баалап жатышыптыр. Келечекке карай ИИМ орун басары, министр кылууга да белсенишерин эшиттик.
Балким, президенттик шайлоодон кийин генерал-лейтенант Улан Ниязбековдун мураскери болуп калышы мүмкүнбү?..
Натыйжада, абалар Октябрдын кыйтырлыгын билип калышканбы? Айтор, андан оомат тая баштагандай. Мерчеми келгенде Октябрь Урмамбетовдун мурдагы жабылып калган кылмыш иштери козголуп, генералдык чининен ажырайбы? Албетте, биз суроо салдык. Бирок эртеңки күнгө карай ушундай божомолдор айтылууда.
Эске салсак, буга чейин бир катар генералдар наамдарынан айрылышып, аз жерден камалып кете жаздашып, шүк жүрүп калышканы маалым.
Баса, Каныбек Абдрахманов жаш кезинде шамдагай, катуу чуркаганынан улам “Тайган” каймана атына татыса, азыркы учурда кыраакы “Кабыландай” эле жүрүш салганы байкалат. Өсүү бар, өргө чаба берсин...
Булак: “Азия Ньюс” гезити