www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 22-февралда Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин милдетин аткаруучу болуп жаңы дайындалган Мирбек Мамбеталиев аппараттын эмгек жамаатына жана министриликке караштуу мекемелердин жетекчилигине тааныштырылды.

Ведомстводон билдиришкендей, аны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырып, алдыда ишке ашыра турган милдеттер турганын белгилеп, жоопкерчиликтүү ишине ийгиликтерди каалады.

Мирбек Мамбеталиевдин өмүр баяны:

- Ал1980-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында төрөлгөн.

- Жогорку билимдүү. Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин жана президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясын аяктаган.

- Эмгек жолун өкмөткө караштуу Ишкердикти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиясы, финансы-экономика бөлүмүндө жетектөөчү адис кызматынан баштаган.

- “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” акционердик коомунун финансы-экономика бөлүмүндө жетектөөчү адис, башкы адис, сектор башчы, бөлүм башчы кызматын аркалаган.

- Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинде, Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясында, Жогорку Кеңеште, министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинде, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында эмгектенген.

- Президенттин жана өкмөттүн Иш башкармасына караштуу “Кыргыз Республикасынын президентинин №2 Мамлекеттик резиденциясы мамлекеттик мекемесинде жана №1 Мамлекеттик резиденциясы мамлекеттик мекемесинде, ошондой эле президенттин жана өкмөттүн Иш башкармалыгында иштеген.

Ал эми буга чейин президенттин администрациясында Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнда иштеп жаткан.

 

 

Последние новости