www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп Россия менен Кошмо Штаттардын делегацияларынын Эр-Рияддагы сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгын "өтө жакшы" деп баалап, Украинанын позициясын сынга алды.  

"Алар (сүйлөшүүлөр – ред.) жакшы өттү. Россия бир нерсе кылганга аракеттенип жатат", — деген Трамп Мар-а-Лагодогу резиденциясында берген маалымат жыйында.

Мамлекет башчы Украинадагы кырдаалды жөнгө салууда макулдашуулардын ийгилиги боюнча "көбүрөөк ишенимдүү" боло баштагандыгын кошумчалады. Киев бийлигин соңку үч жылда Россия менен кармашты жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүн колдонбогондугу үчүн күнөөлөдү. Украинанын аймактарынан кол жуубай, "талкалоосуз, адамдардын өлүмүсүз, шаарларды жок кылып албай" туруп чатакты жайгарып койбогону үчүн нааразы экенин да кошумчалады.

"Алар (Украина бийлиги - ред.) чакырылбаганына (сүйлөшүүгө — ред.) нааразы экенин уктум. Бирок кепке келүү үчүн үч жыл убактысы болду да. Андай болгондо, балким, кырдаал ошондо эле жөнгө салынып калмактыр. Жок дегенде аймактарын толук сактап калуу үчүн макулдашууга баруу керек эле", — деген ал.

Америка президенти Россия Киевди кошуп, Украинанын шаарларын жүз пайыз "тез эле" талкалап саларын бөркүндөй көрүп турганын, бирок РФ лидери муну каалабастыгын айтты.

Трамп, андан сырткары, өлкөдө Владимир Зеленскийди колдоонун көрсөткүчтөрү төмөн экендигин белгилеп, Украинада шайлоо өткөрүүнү туура деп эсептей турганын айтты. Украинада шайлоо болбой келгендигин, Зеленскийдин рейтинги 4 пайызга чейин төмөндөгөндүгүн белгиледи. Муну менен катар эле Украинада шайлоо өткөрүү Россиянын талабы эместигин, болгону "көп" өлкөлөрдү түйшөлтүп жатканын айтты.

Америка лидери Вашингтон европалык союздаштарына караганда Киевге алда канча көп акча бергендигине токтолгон. Финансылык жактан алган милдеттенмелерди адилеттүүлүк менен бөлүштүрүүнү жолго салуу зарылдыгын белгиледи.

"Биз салымдарды теңдештиришибиз керек, себеби Европа 100 миллиард, ал эми биз 300 миллиард доллардан ашык бөлдүк. Бул негизи алар үчүн маанилүүрөөк эле, ортобузда океан турат",— деген Трамп.

Муну менен катар эле өзүн Украина жумшалган каражатты пайдаланышы боюнча ачык-айкын отчеттун жоктугу ойлонтуп жатканын айтты.

Кечээ, 18-февралда, Эр-Риядда Россия менен АКШ делегациялары сүйлөштү. Россия тараптан ТИМ башчысы Сергей Лавров менен президенттин жардамчысы Юрий Ушаков катышты. АКШдан мамлекеттик катчы Марко Рубио, президенттин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Майк Вальц жана Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүл Стивен Уиткофф болду. Сүйлөшүүнү Сауд Арабия уюштуруп, делегациялар 4,5 саатка чукул сүйлөштү.

Бул өткөн аптада РФ жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамптын телефондон 1,5 сааттай баарлашкандан кийинки жолугушуу болду. Ошондон кийин Украинадагы согуш отун өчүрүү, кырдаалды жөнгө салуу боюнча арбын кеп айтыла баштаган.

Последние новости