www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп АКШга баңгизат алып келгендер өлтүрүлөрүн айтты. Ал Ак үйдө журналисттерге кайрылып жатып, “Өлкөбүзгө баңгизат алып киргендерди жөн эле өлтүрөбүз!” деп ачык айтты. Бул билдирүү дүйнөлүк саясатта талаш жараткан, бирок элдин коопсуздугуна багытталган катуу позиция катары талкууланууда. 

Ырасында, Трамптын мындай билдирүүсү жөн гана саясий ураан эмес, АКШдагы баңгилик эпидемиясынын масштабына жооп. Фентанил сыяктуу синтетикалык баңгизаттар жыл сайын миңдеген америкалыктардын өмүрүн алып, коомду чиритип жаткан кесепети оор көйгөй катары айтылып келе жатат. 

Мындан улам, АКШ президенти кырдаалды “улуттук коопсуздукка каршы согуш” деп атап, Конгресстен уруксат күтпөй, картелдерге каршы түз чара көрүүгө даяр экенин айтты.

Последние новости